Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Ирак өкмөт башчысы четтен аскер сурабайт


Ирактын өкмөт башчысы Хайдар аль-Абади Багдад чет өлкөлүк аскерлерди жайгаштырууну суранбаганын, ошондуктан өлкө аймагына аскерлерди жөнөтүү “душмандык акт” катары саналарын билдирди. Кошмо Штаттар Иракта жөө аскерлерин жайгаштырары 2-декабрда маалымдалган. Ага карата Ирак өкмөт башчысынын каршы билдирүүсү 3-декабрда чыкты.

Вашингтон Иракта турган аскерлер санын көбөйтөрүн билдирүүдө, алар Ирак менен Сирияда "Ислам мамлекетине" каршы күрөштү күчөтмөкчү. Барак Обама 3-декабрда берген маегинде Иракка атайын багыттагы аскерлерди жөнөтүүнүн максаты "Ислам мамлекетин" жок кылуу экенин белгилеген.

"Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү боюнча АКШ баштаган коалициянын өкүлү Стив Уоррен Иракта жөө аскерлерди жайгаштыруу өкмөт башчы Абади менен “бир нече жума бою талкууланганын” 2-декабрда билдирген.

Коалиция өткөн жылдын август айынан бери "ДАИШке" абадан сокку урууда. Ошондой эле Ирактын коопсуздук күчтөрүнө кеңеш берип, машыктуруу иштерин жүргүзүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG