Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Орус талиби өмүр бою эркинен ажыратылды


Ооганстандагы Aмерика аскерлерине кол салуунy уюштурган орусиялык талип Ирек Хамидуллин АКШнын федералдык соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Советтер Союзу Ооганстанда аскердик операция жүргүзгөн мезгилде ошол жакта калган Хамидуллин талиптерге кошулуп кеткен.

Ал америкалык аскерлерге каршы чабуулдарды уюштурган, теракттарды жасаган деп айыпталды. 3-декабрда Вирджиния штатында сот өкүм чыгаруу алдында акыркы сөзүн сүйлөгөн Хамидуллин “силер мени терроризм боюнча айыптап жатасыңар. Аныңар калп. Мен Иса пайгамбар эмне айтса, ошону жасап жатам,” деди. Ал ошондой эле соттун өкүмүн тааныбасын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG