Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн фондунан 6 миллионунчу Аэлим Кожошева менен бир убакта төрөлгөн 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 1,4 млн. сом бөлдү. Буга байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы 3-декабрда кол койду.
6 миллионунчу жаранды аныктоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча 25-ноябрда кечки алтыдан 26-ноябрдын таңкы алтысына чейин 122 ымыркай төрөлгөн. Алардын 67си уул, 55и кыз бала. Комиссия тандап алган 10 ымыркайдын арасында Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарынан жок болгондуктан аталган аймактан дагы үчөө кошулуп, жалпысынан 14 баланын ата-энесине бир жолу берилчү материалдык жардам көрсөтүлөт. (КЕ)