Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Бишкекте улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели ачылды


Манас айылында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели
Манас айылында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели

4-декабрь Манас күнүнө карата Бишкектеги Манас айылында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели ачылды. Ага өкмөт башчы Темир Сариев баш болгон расмий адамдар катышты.

“Көкүрөгүн “Манаска” байытып, көөдөнүнө кыргыз деген улуу сезимди уютчу күн. Мына ушундай улуу күндү белгилөө биз үчүн зор сыймык, баа жеткис бакыт. Дал ушул күнү Саякбай манасчы менен "Манас" эпосун бири-биринен бөлүп карай албайбыз. Улуттун көөнөрбөс маданий мурасын өчүрбөй, нугунан адаштырбай сактап калуу үчүн улуу манасчылардын орду баа жеткис”, - деди Сариев.

Өкмөт башчы мындан ары Каралаев калтырып кеткен улуу мурасты жайылтуу үчүн көп эмгектер жасалышы керектигин белгиледи.

Манас күнүнө карата жети күн бою манасчылык өнөрү көрсөтүлдү. Ага аймактардан келген 15тин тегерегинде манасчы катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG