Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Каттоо кызматы паспорт алуудагы кагаздардын тизмесин кыскартат


Мамлекеттик каттоo кызматы паспорт алууну жөнөкөйлөтүп, кагаздардын тизмесин кыскартат. Буга байланыштуу документтерди санарипке өткөрүү боюнча атайын долбоор ишке киргизиле баштады. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында аталган кызматтын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди. Ал бул тармактагы бюрократияны, кызматкерлердин жарандар менен түздөн-түз байланышуусун азайтуу максатында калктын бирдиктүү реестри түзүлөрүн айтты.

-Биз паспорт берүү убактысын жана ага чогултулган кагаздардын санын кыскартууга барабыз. Жаңы долбоорго ылайык, 240тан ашуун оператор кызматка алынат, алардын бир бөлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болот.

Сарпашевдин белгилешинче, эки айдын ичинде документтер санарипке өткөрүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG