Өлкөнүн түштүк-батышындагы Шартуз районунун жети тургуну “Ислам мамлекети” тобунун желегин коомдук жайда көтөргөнү үчүн камалышты.
Хатлон облустук сотунун судьясы Зубайдулло Махмудзоданын “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, соттолгон жети адамдын үчөөсүнүн жаш курагы 18ге жете электер.
Алар өкмөттү кулатууга чакырышканы жана адамдарды чет өлкөгө мыйзамсыз кетүүгө азгырганы үчүн күнөлүү деп табылышты. Аларга жети жылдан жыйырма жети жылга чейинки түрмө жазасы берилди.
Соттолгондор быйыл августа “Ислам мамлекети” тобунукуна окшош кара желекти Шартуз районунун борборунда көтөргөндөн кийин кармалышкан.
Тажик бийликтеринин эсебинде, Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобунун катарында 500дөй тажикстандык бар. (UE)