Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Италиянын жээк кызматы 2000дей мигрантты куткарды


Эки миңдей мигрант Жер ортолук деңизинде чайпалган 11 кайык менен Италияны көздөй келаткан жеринен куткарылды.

Жээк кызматы билдиргендей, кайыктагы мигранттар аларга спутник телефон аркылуу жардам сурап кайрылышкан.

Аба ырайынын суушу менен мигранттардын Италияны көздөй агымы акыркы апталарда кескин кыскарган эле.

Алардын көбү Африканын Сахара бөлүгүнөн оболу Ливияга жетишип, ал жерден аткезчилер камсыздаган жана ачык деңизде жүрүүгө такыр ылайыксыз кайыктарга олтурушат.

Евробиримдиктин аймагына быйыл кирген 900 миңдей мигранттын 140 миңден ашууну адегенде Италияга келип түшкөндөр.

Италиянын, Британиянын, Испаниянын жана Чек арасыз дарыгерлер уюмуна караштуу кеме 3-декабрь күнү жалпысынан мигранттарды куткаруу боюнча 11 операция жүргүзүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG