Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

Маликовго кол салгандар Түркиядан жылдын аягына чейин алып келинет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер башкармалыгынын 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Абдираим Салимов билдирди. Анын айтымында, бул маселе министр Мелис Турганабевдин жеке көзөмөлүндө турат. Ушул тапта Ички жана Тышкы иштер министрликтери кармалгандарды экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктап калды.

Кадыр Маликовго 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын жаагына бычак урушкан. Маликов кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкерлери болгонун билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, Маликовго кол салгандан кийин шектүүлөр Тилек уулу Алибек жана Рыскул Бейшеналиев Казакстанга, андан ары Түркияга качкан. Алардын Газиантеп шаарынан Сирияга өтүп баратканы аныкталган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG