Жүк тарткан фура айдоочуларынын орус өкмөтүнө койгон ультиматуму жума күнү аяктап, алар эми нааразылык акциясын Москвада улантууну мерчемдешкен. Бирок полиция жана Мамлекеттик автоинспекция кызматы алардын жолун тороп, борборго киргизишкен жок.
Полициянын блокадасынан улам Москвага кирген жолдо он чакырымга чейин тыгын пайда болду. Активисттер полициянын аракетин “чагым”деп баалап, жолдо оор кырдаалды жаратканы үчүн айыпташты.
Айрым айдоочулардын айтымында, Москва 100дөн 300гө чейинки айдоочу өз унаасы менен кирүүгө аракеттенип, бирок алардын жолу торолгон.
Жүк ташыган айдоочулар Орусия боюнча соңку бир айга жакын убакыттан бери нааразылык билдиришүүдө. Алар жол пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн “Платон” деп аталган жаңы системасына каршы чыгышууда.
Бул система президент Владимир Путин менен жакшы байланышта турган ишкер жана олигарх Аркадий Ротенбергдин уулу Игорь Ротенбергдин компаниясы тарабынан башкарылат. Айдоочулар бул системада коррупциялык схема бар деп эсептешүүдө.
Орус өкмөтү өткөн айдын соңунда жүк тарткан унаалар үчүн жол акысы үчүн төлөмдү үч айга кийинкиге калтырууга жана кээ бир айыпулдардан баш тартууга макул болгон. Бирок айдоочулар бул жетишсиз экенин айтууда. (UE)