Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Каримов кыздардын "турмушуна аралашты"


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Өзбекстандын аймактарында кыздарды эртелеп турмушка узатууга каршы иш-чаралар жүрүп, 20 жашка чыга элек ондогон кыздардын алдын ала белгиленген тойлору токтотулууда.

Буга президент Ислам Каримовдун кыз баланы 20 жаштан кийин гана турмушка чыгарса туура болмоктугу тууралуу чакырыгы себеп болду.

Өзбек президенти Ислам Каримов өткөн жумада Наманган облусуна иш сапары менен барган учурдагы жолугушуулардын биринде сүйлөп жатып, өзбекстандык кыздарды 19-20 жаштан кийин гана турмушка чыгууга чакырган. Анын сөзүнө караганда, кыздар мектепти аяктан соң кеминде дагы үч жыл билим алып, андан кийин гана турмушка чыкканы дурус.

Кыздарды турмушка эрте чыгарбоо сунушун соңку жылдары өзбек президенти буга чейин да бир канча жолу айткан. Бирок Наманганда ал сунуштан талапка өтүү менен "Бул менин тапшырмам", - деп прокурорлорго анын аткарылуусун көзөмөлдөөнү тапшырды.

“Аймак прокурорлору буга көңүл бурушу шарт. Бул мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн. Эгер эл түшүнбөй, кыздарын эрге эрте берсе биз аларга түшүндүрүп коюшубуз керек. Мен бул маселени өзүм көзөмөлгө алам”, - деди президент Каримов.

Президенттин бул сөзү өлкөдөгү бардык телеканалдардан көрсөтүлдү.

Бирок өлкө башчынын кыздарды 20 жашка чейин турмушка чыгаруу мыйзамга каршы келет дегени чындыкка туура келбейт. Анткени Өзбекстандын Үй-бүлө кодексинин 15-беренесинде нике жашы эркектер үчүн 18, аялдар үчүн 17 жаш деп белгиленген. Президент өзүнүн тун кызы Гүлнараны да 19 жашында күйөөгө узатканы белгилүү.

Каримов улуу кызы Гүлнараны да 19 жашында турмушка узаткан.
Каримов улуу кызы Гүлнараны да 19 жашында турмушка узаткан.

Ислам Каримовдун бул талабы ошентип өзбек мыйзамдарына каршы келгенине карабай, өлкөдө азыр аны аткаруу үчүн зарыл чаралар көрүлө баштады.

“Азаттыктын” өзбек кызматына өзбек өкмөтүнүн аты-жөнүн айтпаган бир кызматкери мындай иштер дал ошол Наманган облусунан башталганын билдирди:

- Президент Наманганга барып кеткенден көп узабай эле аялдар комитетинин, Үй-бүлө борборунун жана “Камолот” жаштар кыймылынын өкүлдөрү кесиптик окуу жайларда жолугушууларды өткөрдү. Бир жумадан бери мындай жолугушуулар айыл-кыштактарда уланууда. Ал жыйындарда кыздарды эрте турмушка узатууну токтотуу зарылдыгы тууралуу сөз болуп жатат. Мындай иштер башка облустарда да жүрө баштады.

Өзбек өкмөтүнүн өкүлү мындай иштер буга чейин деле болуп келгенин да кошумчалады.

- Буга чейин деле эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп келген. Президенттин Намангандагы сөзүнөн кийин эми бул иштер дагы күчөтүлдү. Азыр эми жер-жерлерден 20 жашка чейин турмушка чыкканы жаткан канча кыздын тою токтотулганы боюнча тизме талап кылынууда.

Наманган облустук акимчилигинде иштеген бир кызматкер да азыр маале комитеттерине 20га чыга элек кыздарын турмушка узатууга даярдык көрүп жаткан үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүү тапшырылганын айтат:

- Аларга тойду кийинкиге калтыруу сунушталууда. Колледждерге да тапшырмалар берилди. Азырга чейин 1-2-курстун кыздарына турмушка чыкпоо айтылып келсе, эми бул нерсе 3-курстун кыздарынан да талап кылынууда. Өзү жыл башынан бери 1-2 курста окуган 80ден ашуун кыздын тою токтотулган болчу.

Наманганга кошуна Фергана облусунда да мындай иштер күчөтүлүп жатканы кабарланды. Облустун эң консервативдүү деп эсептелген Маргалаң шаарындагы маале комитеттеринин биринин кызматкери кыздарды эрте турмушка узатууга каршы буга чейин жасалып жаткан иштерди дагы да күчөтүү тууралуу тапшырма келгенине токтолду:

- Акыркы жылдарда ата-энелерге кыздарын 17-18 эмес, 19-20 жаштан кийин турмушка узатуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп келген. Азыр эми ылаажы болсо кыздарды 21 жашка чейин күйөөгө бербей туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү көрсөтмөсү келди. Президентибиз өзү айтып аткан соң, ал кишинин сөзү жерде калбашы үчүн эми ишти күчөтөбүз да.

Маектешибиздин айтымында, акыркы айларда Маргалаңда 17-18 жашта турмуш босогосун аттаганы жаткан 25ке жакын кыздын тою токтотулган.

Кыздардын турмушка эрте узоосу айрыкча Өзбекстандын чыгыш облустарында кеңири тараган. Бул аймактарда буга чейин 15-16 жашында эле келин болгон кыздар көп кездешип келген.

Жогоруда айтылгандай, өзбек мыйзамдары кыздарга 17, жигиттерге 18 жаштан баштап үй-бүлө курууга уруксат берет. Бирок кыздарды жаштайынан күйөөгө берүү токтобой жатышынан улам бийлик 2013-жылы нике жашы боюнча мыйзам талабын күчөткөн. Анда жашы жете элек бүлө кургандарга эң төмөнкү айлыктын жүз эсеге чейинки өлчөмүндө айып пул төлөө, же үч жылга чейинки "кара" кызмат, же болбосо алты айга чейин камоо жазасы каралган.

Эл аралык эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө 20-24-жаштагы аялдардын үчтөн бирин 18 жашка чейин турмушка чыккандар түзөт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG