Бир топко созулган ысык аба ырайынан соң Кыргызстанда 5-7-декабрь күндөрү аба ырайы өзгөрүп, жамгыр аралаш кар жаайт. Кыргызгидромет кабарлагандай, айрым аймактарда катуу жаан-чачын болот. Жолдорго муз тоңуп, дарактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 22 метрге чейин жетет. Мындай аба ырайы талаа иштерине, мал чарбасына, байланыш кызматтарына кедергисин тийгизиши мүмкүн.