Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Өзбекстанда Совет доорунун эстеликтерин жок кылуу уланууда


Өзбекстанда Совет доорунда орнотулган эстеликтердин дагы бири алып салынды. Бул ирет Навои облусундагы Зарафшан шаарынын кире беришине орнотулган “Чөлдө иштегендерге даңк!” деген чоң тактай алынып, ордуна “Бизден эркин жана кооз Мекен калсын!” деген жазуу орнотулду.

Uzmetronom басылмасы жазгандай, кулатылган тактай 1958-жылы Тоо-металлургия комбинатын куруу боюнча СССР бийлигинин буйругуна ылайык орнотулган эле.

Өзбекстанда Совет учурундагы эстеликтерди, жазууларды жок кылуу бир топ жылдан бери уланууда. Жакында эле Ангрен шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналган эстеликтер комплекси бузулган.

9-май – Жеңиш майрамы да жылнаамадан өчүрүлүп, дүйнөдөн өткөндөрдү эскерүү күнү деп кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG