Чүйдүн Кемин районундагы Жол-Булак айылына салынган орто мектептин ачылышына өкмөт башчы Темир Сариев катышты. 5-декабрь күнкү ачылыш аземинин алкагында премьер-министр жергиликтүү эл менен да жолугушуп, айылдагы маселелерди сүйлөштү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер-министр Кемин ɵрɵɵнүнүн кыргыз мамлекетинин түптɵлүшү жана ɵнүгүшүндɵ орду чоң экенин белгилеп, жаны курулган мектеп келечекте ɵлкɵ керегине жараган жарандарды тарбиялайт деген ишенимин билдирди.
Жол-Булак айылындагы 225 орундуу орто мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Ага бюджеттен 75 миллион сом бɵлүнгɵн. (SE)