Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы атасыз балдарга көмөк көрсөтүүдө


Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы балдарга берген кийимдер
Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы балдарга берген кийимдер

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы “Кайрымдуулук - атуулдук парзыбыз – 2015” багытында Кыргызстанда атасыз өсүп жаткан балдарга жана алардын апаларына көмөк көрсөтүүдө. Көмөктөшүү өнөктүгү буга чейин Ош, Нарын жана Ысык-Көл облусунда уюштурулган. 5-декабрь күнү Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдарга майрам өткөрүлдү. Оюн-зоок иретиндеги кечеге 600дөн ашуун бала чакырылып, социалдык өнүгүү министри Кудайберди Базарбаев, Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев да катышты.

Уюмдун тизмесиндеги балдарга акча жана кышкы кийимдер, майып балдардын апаларына кир жуугуч машиналарды беришти.

Ассамблеянын президенти Саид Баюми билдиргендей, уюм Кыргызстандагы атасыз 2000 балага ай сайын 1700 сомдон жөлөкпул жана окуу куралдарын берип турат. Бул үчүн жыл сайын 30 миллион сомдон ашуун каражат коротулат. (SE)

XS
SM
MD
LG