Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

ИМ тобу Калифорниядагы терактка жоопкерчилик алды


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ 2-декабрда АКШнын Сан-Бернардино шаарында болгон терактты уюштурганын моюнуна алды. Калифорния штатындагы аталган калаада орун алган окуяда 14 адамдын өмүрү кыйылып, 21 киши жарадар болгон.

Мурдараак АКШ Федералдык тергөө бюросу кол салгандардын бири “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдогон чакырык таштаганы аныкталганын кабарлаган эле.

Терактты жубайлар ишке ашырган. 27 жаштагы Ташфин Малик атуу аял менен анын 28 жаштагы жолдошу Саид Ризван Фарук полиция менен атышууда мерт кеткен.

Алардын үйү текшерилген учурда курал-жарак сакталган кампа, жардыргыч зат жасоочу жабдыктар табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG