Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Билим берүү министрлиги балдар менен иштөө ыкмаларын кеңейтүүдө


Министрлик ЮНИСЕФ менен биргеликте шаар мектептеринде интерактивдүү оюндарды өткөрүүдө. Анын максаты - балдарды инсан катары калыптандыруу, өз укуктарын үйрөтүү жана кийинки билим алуусуна даярдоо.

Мындай сабактар учурунда окуучуларга Балдар укугун коргоо конвенциясынын маңызы түшүндүрүлөт.

Ушул тапта балдарга өз укуктарын коргоо темасында интерактивдүү, инновациялык ыкмада сабак өтүүгө 20 мугалим даярдалып жатат. Ал эми Балдар укугу боюнча конвенция менен 7 жаштан 11 жашка чейинки 1000ге чукул баланы тааныштыруу пландалууда. Бул ыкманы район жана облустардын мугалимдери он-лайн режиминде видео аркылуу көрүп, өз ишинде пайдалана алышат.

Мындан тышкары интерактивдүү оюнга майып балдарды да тартып, алардын лидердик сапаттарын өнүктүрүү аракети көрүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG