Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

“Керемет-Суу” эс алуу жайын өрттөгөн деген шек менен эки адам кармалды


Чоң-Өрүктү айылындагы “Керемет-Суу” эс алуу жайы өрттөнгөнгө чейин
Чоң-Өрүктү айылындагы “Керемет-Суу” эс алуу жайы өрттөнгөнгө чейин

Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Чоң-Өрүктү айылындагы “Керемет-Суу” эс алуу жайын өрттөгөн деген шек менен бул айылдын эки тургуну кармалды.

Быйыл 13-август күнү Чоң-Өрүктү айылында жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет-Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан. Ортодо мушташ болуп, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен уруп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан. Милиция Ишенбек Ашыровду үч уулу менен жана анын инисинин баласын убактылуу кармоочу жайга камаган.

Мырзажалил Тажиевдин өлүмүнөн кийин жаалданган айыл тургундары эс алуу жайын жана Ишенбек Ашыровдун үй-мүлкүн өрттөп жиберишкен.

Ушул тапта окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG