Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Түркиядан Борбор Азияга жүк ташыган 15тей унаа Орусия-Грузия чек арасында кармалып турат


"Жогорку Ларс-Казбек" өткөрмө пункту
"Жогорку Ларс-Казбек" өткөрмө пункту

Бул туурасында “Азаттыкка ” Стамбулдагы "UBS-Стамбул" эл аралык жүк ташуучу компаниянын башчысы Каныбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, төрт күндөн бери Орусия менен Грузиянын чек арасындагы "Жогорку Ларс-Казбек" өткөрмө пунктунда бир кыргыз, бир казак жана орустардын он беш фурасы турат. Айрым маалыматтарга караганда, чек арадан күнүнө бештен фура өткөрөт дегенди угуп, айдоочулар күтүшүүдө.

Жалпысынан фуралардын Орусиянын чек арасына кире албай турганына 15 күн болду.

Каныбек Осмонов Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден тарта эле бул жаатта иш бир аз аксай баштаганын, ага кошумча Орусия менен Түркиянын ортосундагы алаканын начарлашы ишкерлерге зыянын тийгизип жатканын билдирди.

“Жогорку Ларс-Казбек” өткөрмө пунктунан күнүнө орто эсеп менен 50-60тай фура аркы тарапка, ушундай эле сандагы фура берки тарапка өтүп турчу. Бул жол менен Стамбулдан Бишкекке чыккан унаа жайында сегиз күндө, кышкысын 12-15 күндө келип турат. Азыр жүк ташуучу компаниялар альтернативдүү жолдорду караштырып жатышат. (AzK/EzK)

XS
SM
MD
LG