Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Бишкекте дзюдо боюнча "Хан Манас" кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтүүдө


Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынан маалымдашкандай, жаштар арасындагы дзюдо боюнча мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен 350 спортчу катышууда. Эки күнгө созулган таймаштар бүгүн аяктайт. Кыздар арасында 8, уландар арасында 8 салмакта жалпысынан 16 топтом медаль ойнотулууда. Командалык эсепте алтын байгени арбын топтогон өлкөгө салмагы 7.5 килограмм оордуктагы колодон жасалган "Хан Манас" кубогу ыйгарылат. Бул кубокту эки жолу Кыргызстандын, үч жолу Казакстандын дзюдочулары утушкан. (Ech)

XS
SM
MD
LG