Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Москвадагы "Артдокфест-2015" кинофестивалына кыргыз киносу катышат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, аталган фестивалга кыргыз режиссеру Чыңгыз Нарыновдун “Металл нан” аттуу тасмасы катышып жатат.Тасма алгачкы ирет 13-декабрь күнү Москва шаарындагы "Формула кино - горизонт" кинотеатрынын чоң залында көрсөтүлөт.

8-16-декабрь күндөрү боло турган ири орусиялык даректүү тасмалар фестивалында көрөрмандарга 145 автордук фильм сунушталат. Фестивалдын ачылышы Москва жана Санкт-Петербург шаарында уюштурулат. Анда АКШ, Франция, Эстония, Австрия, Швейцария жана Орусиянын режиссерлорунун эмгектери көрсөтүлөт. (AzK)

​
XS
SM
MD
LG