Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Украина: Донецк менен Мариуполдо атышуулар болду


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер ишемби күнү Донецк, Артемовск жана Мариуполдогу украиналык аскерлердин турумдарын аткылашкан. Бул тууралуу атайын операциялар боюнча маалымат борборунун Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Киевдегилер жикчилдердин Зайцево, Луганское жана Майорсктогу калк жайгашкан пункттарга гранатометтордон ок чыгарганын, Пески, Марьинка, Красноговорка жана Новгородскоени ири калибрдүү пулеметтор менен, Зайцево жана Опытноени минометтор менен аткылашканын билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG