Кыргызстанда 7-декабрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...4 , күндүз 7...12 градус,
Баткенде түнкүсүн 3...2, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6 , күндүз 3...8,
Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...3 градус болот.
Бишкекте 7-декабрда ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз 5...7 градус болот.(AzK)