Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Колумбия: чөгүп кеткен кемеден табылган баалуу таштар 3 миллиард доллар деп бааланды


Кеме табылган жер картада
Кеме табылган жер картада

“Интерфакстын” маалыматында Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос чөгүп кеткен “Сан Хосе” аттуу испан кемесинин ичиндеги баалуу металл жана таштар адамзаттын тарыхындагы эң баалуу табылга экенин белгиледи. Америкалык Sea Search Armada компаниясынын эсебинде жалпысынан байлыктын баасы үч миллиард долларды түзөт.

Кариб деңизинде 300 жыл мурун британдар тарабынан чөктүрүлгөн деп болжонгон кеменин калдыктары табылганы тууралуу маалымат ишемби күнү жарыяланган.

1980-жылдардын башында Sea Search Armada компаниясы кеменин чөгүп кеткен жери аныкталганын айтып, кеменин кимге тийиштүү болоору тууралуу Колумбиянын өкмөтү менен узак убакыт бою соттошуп келген. Бирок кеме тууралуу маалымат тастыкталбаган соң АКШ соту эгер кеме табылса, ал Колумбиянын менчиги катары эсептелет деген чечим чыгарган.

Испан кемеси 1708-жылы Ислас-дель-Росарио архипелагынан алыс эмес жерде британ кемелеринин чабуулунан улам чөгүп кеткен. Анын жыйынтыгында кемедеги 600 кишинин ичинен бир нечеси гана тирүү калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG