Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

"Хан Манас" кубогун казак дзюдочулары утушту


Казакстандык дзюдочулар
Казакстандык дзюдочулар

Дзюдо боюнча 2015-жылдагы "Хан Манас” кубогун казакстандык спортчулар утуп алышты. Улутук дзюдо федерациясынан билдиришкендей, мелдеш 5-6-декабрь күндөрү Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 17 жаштан 21 жашка чейинки курактагы 350 спортчу катышты.

Байгелер кыздар арасында 8, уландар арасында 8 салмакта ойнотулду. Казакстандык дзюдочулар тогуз алтын байге утушту. Кыргызстан менен Өзбекстандын балбандары үчтөн алтын медаль алышты. Тажикстандык спортчуларга бир алтын байге тийди.

Дзюдо боюнча эл аралык "Хан Манас" кубогу үчүн мелдеш ушуну менен алтынчы ирет өткөрүлдү. Буга чейин кубокту эки жолу кыргызстандыктар, үч жолу казакстандыктар утушкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG