Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Сирия: Раккадагы аба соккулары кеминде 32 согушкерди тындым кылды


Сирия -- Ракка шаары, 19-ноябрь, 2014.
Сирия -- Ракка шаары, 19-ноябрь, 2014.

Сириядагы кырдаалга байкоо салган топ Ракка провинциясында АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынан "Ислам мамлекети" террордук тобунун жок эле дегенде 32 согушкери тындым болгонун кабарлады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы аттуу уюмдун 6-декабрда кабарлашына караганда, мындан сырткары дагы кырктан ашуун согушкер жаракат алган. Аталган уюм Сириянын түндүк-чыгышындагы бул аймакка 15тен ашуун аба соккусу жасалганын билдирди.

Ракка Сириянын бир канча аймагын басып алган өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун таянычы болуп саналат.

АКШ баштаган коалициялык күчтөр Сирияда аталган террордук топко каршы бир жылдан ашуун убакыттан бери операция жүргүзүүдө.

Быйыл сентябрь айынын соңунда Орусия да "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы аба соккуларын баштаганын жарыялаган. Кремль Сирия президенти Башар Асаддын жакын союздашы катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG