Лондон полициясы метродо жарандарга бычак такап, үч кишини жарадар кылган 29 жаштагы жигитти кармады. Окуя 5-декабрь күнү кечинде Лейтонстоун бекетинде болгон. Күч органдары муну “ырайымсыз жорук” деп сыпаттоодо жана “террордук акт” катары иликтеп жатышат.
Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү адам кол салуу учурунда “Бул Сирия үчүн!” деп кыйкырган. Жабыркагандардын бири оор абалда.
3-декабрдан тарта Британия Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы абадан сокку урууну баштаган.
Серепчилер өлкөдө террордук коркунуч сакталып турганын белгилешүүдө. (SE)