Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжан жетекчиси Илхам Алиевге "Гүнешли" мунай кениндеги трагедияга байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчы кыргызстандыктардын атынан набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, жараат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
4-декабрда Каспий деңизиндеги Азербайжандын "Гүнешли" мунай кенинде болгон жарылуудан 32 адам набыт кеткен, 40тан ашууну түрдүү жараат алган.
Кырсыкка байланыштуу өткөн жекшемби, 6-декабрь Азербайжанда аза күтүү күнү болду. (RK)