Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Ошто жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн жалмады


Бүгүн эртең менен Ошто жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, саат 9дан өткөндө “112” кызматы аркылуу Кара-Суу районунун Фурхад айылында оор жүк ташуучу каналга кулап кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, ичинен эки адамдын сөөгүн алып чыккан. Алар 36 жаштагы Каныбек Кебекбаев жана 17 жаштагы Бектемир Масалиев экени аныкталды. Дагы бир жүргүнчү 21 жаштагы Нурбек Вазиев тирүү калган.

Милиция окуянын чоо-жайын жеринен иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG