Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жалал-Абадга алгачкы жолу заманбап реанимобил унаасы берилди


Жалал-Абадга алгачкы жолу реанимация жабдуусу бар тез жардам унаасы берилди. Шаардык тез жардам бекети заманбап реанимобил унаасы менен толукталды.

- Түркиядан Кыргызстанга жардам иретинде алынып келинген унаа эми облустун калкына кызмат кылат,-деп билдирди тапшыруу аземинде шаар мэри Салайдин Авазов.

Буга чейин оор абалдагы бейтаптарды УАЗ үлгүсүндөгү тез жардам унаасы менен ташууга шарт жок болчу. Эми ал түйшүк артта калганын айткан Авазов 100 миңден ашык калкы бар шаарды буга чейин төрт тез жардам унаасы тейлеп келгенин кошумчалады. (RsK)

XS
SM
MD
LG