Теолог Кадыр Маликовго кол салууга тиешеси бар деген шек менен кармалгандардын бири Алишер Шаняев тергөө абагында мыйзамсыз камалып жатат. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" анын жакындары билдиришти. Алардын айтымында, окуя катталган жерде Шаняев болгон эмес жана алгачкы тинтүү учурунда анын үйүнөн шектүү эч нерсе табылган эмес.
Маликов 26-ноябрда Бишкекте бетинен жана колунан бычак жеп ооруканага түшкөн. Милиция менен атайын кызмат биргелешкен иликтөө жүргүзүп, ага кол салгандар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун тарапкерлери экенин айтып чыккан.
Кылмышка шектүүлөр Түркиядан кармалган. Алар азырынча Кыргызстанга алынып келе элек. Ошону менен катар Бишкекте аларга көмөктөшкөн деген шек менен дагы эки адам кармалган. Алар азыр №1 төргөө абагында жатат. (RK)