Оштун Чоң-Алай районунда жергиликтүү тургундар Кара-Казык алтын кени одоно мыйзам бузуулар менен иштетилип жатканын айтып чыгышты. Алар жолдогон катта "кытайлык компаниянын мыйзамсыз иштерин 10 жылдан бери коргоп жүргөн облустук бийликке, район акимчилигине, Чоң-Алай, Кашка-Суу айыл жетекчилерине, жергиликтүү калк далилдеп берген фактыларга карабай компанияга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан өкмөттүк комиссияга" нааразылык айтылган.
Чоң-Алайдагы “Кайди” компаниясы казып алынган таштарды майдалап, Кытайга алып кетип, ошол жактан алтын өндүрүү менен иштейт. Ал 2009-жылдан бери район аймагындагы Кара-Казык деген жерден кен казып алат.
Өткөн жылы компанияга байланыштуу жаңжал чыккан. Айрым жергиликтүү тургундар алтыны элене элек кен тартып баратат деп унааларды өткөрбөй, казылган жерине кайра төктүрүп салышкан. (RK)