Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Францияда жергиликтүү шайлоодо ашынган оңчулдардын “Улуттук фронту” алдыга чыкты


"Улуттук фронт" партиясынын лидерлериМарин Ле Пен жана Марион Марешаль Ле Пен. Ницца, 27-ноябрь, 2015 жыл.
"Улуттук фронт" партиясынын лидерлериМарин Ле Пен жана Марион Марешаль Ле Пен. Ницца, 27-ноябрь, 2015 жыл.

Франциядагы жергиликтүү шайлоонун биринчи айлампасында Марин ле Пен башында турган ашынган оңчулдардын “Улуттук фронт” партиясы шайлоочулардын отуз пайыздан ашуун добушун алды. Шайлоо алдындагы экзит-поллдун жыйынтыктары мына ушундай болду. Экс-президент Николя Саркози жетектеген консерваторлор шайлоочулардын 27 пайыз добушун алууга жетишкен. Учурдагы президент Франсуа Олланд башында турган социалисттер 23 пайызды камсыздап, үчүнчү орунда баратат. 13-ноябрдагы Париждеги терактан кийин рейтинги кескин өскөн “Улуттук фронт” экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча Франциянын он үч аймагынын алтоондо жеңишти камсыздады деп билдирет AFR агенттиги.

Бир жумадан кийин өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында аймактык парламенттерде кайсы партия көп добуш алганы жана алардын жергиликтүү кеңештердин төрагалыгын алуу укугу чечилет. “Улуттук фронт” буга чейинки шайлоодо Франциянын бир да аймагынан мынчалык алдыга чыккан эмес. Анын биринчи айлампада отуз пайыздан ашуун добуш алышы партиянын түзүлгөндөн берки эң жакшы жетишкендиги. Маалыматка ылайык, “Улуттук фронт” он үч аймактын үчөөндө кырк пайыздан ашуун добуш алган. (KJ)

XS
SM
MD
LG