Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Москвада Айтматов гүлзары пайда болду


Москванын гүлзарларынын (сквер) бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Анын айтымында, Москва өкмөтүнүн чечими менен Данилов районундагы Люсинов жана Чоң Серпухов көчөлөрүнүн кошулган жериндеги гүлзар мындан ары Айтматовдун ысымын алып жүрмөкчү.

Быйыл октябрь айында элчи Болот Жунусов Москванын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда шаарда Айтматов атындагы гүлзар ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү өтүнгөн болчу.

Залкар жазуучу тирүү болгондо быйыл 87ге чыкмак. Эки жыл мурда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата ​Москвада Чет элдик адабият китепканасынын короосунда анын айкели орнотулган. Ошол эле жылы Санкт-Петербургда Айтматов гүлзары ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG