Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Он айда жайыт акысынан бюджетке 15 млн сом түштү


Быйыл жыл башынан бери жайыт пайдалануучулардан жайыт акысы үчүн түшкөн каражаттын 15 миллион сому жер салыгы катары мамлекеттик бюджетке которулду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында айтылды. Жыйында «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы талкууланды.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, азыркы учурда 454 айыл аймагында жайыт пайдалануучулар бирикмеси иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын он айында жайыт акысы үчүн жалпысынан 92 миллион сомдон ашуун каражат топтолду. Анын 25% чейинки бөлүгү жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалууда.​ (RK)

XS
SM
MD
LG