Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

АКШ Украинага 190 миллион долларлык жаңы каржылык жардам көрсөтөт


Украинанын президенти Петро Порошенко (оңдо) менен АКШнын вице-президенти Жо Байден.
Украинанын президенти Петро Порошенко (оңдо) менен АКШнын вице-президенти Жо Байден.

Бул тууралуу Украинанын президенти Петро Порошенко менен АКШнын вице-президенти Жо Байдендин 7-декабрь күнү Киевде болуп өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Анда Жо Байден украин жетекчилигин реформаларды жүргүзүүнү тереңдетүүгө жана коррупция менен күрөштү күчөтүүгө чакырды. Ошол эле кезде Байден 2014-жылы мартта Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышын АКШ эч качан тааныбай турганын бекемдеди. Байден буга чейин парламент мүчөлөрү, жарандык коом өкүлдөрү жана Киев шаарынын мэри Виталий Кличко менен жолугушкан болчу. Бул АКШнын вице-президентинин Киевге жасаган төртүнчү жолку иш сапары. (KJ)

XS
SM
MD
LG