Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Азербайжандагы кырсыктан каза тапкандардын алтоонун жасаты табылды


"Гүнешли” мунай кениндеги өрт
"Гүнешли” мунай кениндеги өрт

Мамлекеттик SOCAR компаниясынын “Гүнешли” мунай кениндеги өрттүн кесепетинен улам 10-платформада жоголгон 29 адамдын алтоонун жасаты табылды. Бул тууралуу “Азнефть” мамлекеттик өнөр жай биримдигинен кабарлашты. Каза болгон мунайчылардын кимдиги тууралуу маалыматтар азырынча тактала электиги айтылган. Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча кырсык болгон жерден 65-70 чакырым аралыктагы платформадан куткаруучулар алты адамдын жасатын табышканы жарыяланган. Мунайчылардын табылган жасаты жээкке алып чыгып, тиешелүү органдарга текшерүүгө өткөрүлүп берилген. (KJ)

XS
SM
MD
LG