Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы 10-декабрда башталат


Адам укугуна арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” деген аталыштагы даректүү фильмдер фестивалынын тогузунчу айлампасы ушул жумада башталат. Иш-чаранын ачылышы 10-декабрда болот. Фильмдер 14-декабрга чейин Бишкекте көрсөтүлүп, андан ары аймактарда уланат. 

Быйыл 18 чет элдик, 4 жергиликтүү фильм тандалган. Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун өкүлү Аскер Сакыбаева “Азаттыкка” билдирди.

Быйылкы фестивалда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий өнөктөш катары катышууда. Фильмдерди тандоого министрликте, социалдык кызматтарда иштеген өкүлдөр жана укук коргоочулар катышты. 

Фестивалдын алдында, 8-9-декабрь күндөрү Бишкекте адам укуктарына арналган үч тегерек үстөл уюштурулат. (SE)

 

XS
SM
MD
LG