Орусия баш калаасындагы коомдук унаа токтой турган бекетте 7-декабрда кечинде жардыруу болуп, үч адам жабыркады. “РИА Новости” тараткан кабарга ылайык, Покровка көчөсүндөгү бекеттердин бирине топтошкон жигиттер жардыргыч зат ыргытып кетишкен.
Жергиликтүү булактар күч органдарына шилтеп маалымдагандай, жардыргыч зат колго жасалган болушу ыктымал. Тактала элек кабарларда ал бөтөлкөсымал буюм экени айтылууда. (SE)