Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Сырттан унаа ташуунун көлөмү дээрлик кыскарды


Кыргызстанга сырттан унаа ташуунун да, сатуунун да көлөмү дээрлик кыскарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бажы кызматынын статистика бөлүмүнүн башкы инспектору Гүлнара Садыралиева билдирди. Анын айтымында, былтыр бир жыл ичинде өлкөгө 111 миң унаа алынып келинсе, быйыл 10 ай ичинде 2,5 миң гана болду.

- Ооба, аябай эле азайды. Дээрлик жок десек болот.

Унаа базарында алектенгендер да соода токтоп калганын айтууда.

Соодагерлер Евразия экономикалык биримдигине кирген соң автоунааларды коңшу мамлекеттерге сатабыз деп үмүт кылышкан. Бирок бажы салыгын төлөбөй Казакстанга автоунаа сатууга уруксат 2020-жылдан тарта гана берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG