Өкмөт мамлекеттин эсебинен каржылануучу маараке тойлорду азайтууну талап кылып жатат. Бүгүн вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева мекеме жетекчилери менен өткөргөн жыйында белгилүү болгондой, келерки жылга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 75 иш-чарадан турган тизмени сунуштады.
Өкмөт башчынын орун басары аларды иргеп, эгемендиктин 25 жылдыгы, Жусуп Баласагындын 1000 жана Үркүндүн 100 жылдыгы сыяктуу жалпы улуттук маанидегилерин гана тандап алуу керектигин айтты. (RK)