Апта ортосунда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматына караганда, 9-11-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, кээ бир райондордо батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
10-12-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Таласта түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°,
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн -5…-10°, күндүз -4°… +1°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -3…-8°,
Нарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -10…-15° чейин төмөндөйт.
Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайытта мал кармоону кыйындатат.
Бүгүн Кыргызстанда күн ачык, Бишкекте учурда абанын температурасы 14 градус жылуу болуп турат.