Орусия БУУнун коопсуздук кеңешине Түркиянын Сириядагы жана Ирактагы аракеттерин жабык талкуулоону суранган. Бул тууралуу Рейтер агенттиги коопсуздук кеңешине жакын дипломаттарга шилтеме берип, маалымат таратты. Бул жолку Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешиндеги талкууларга АКШ төрагалык кылат. Дипломаттар ал талкууда 24-ноябрда Түркия менен Сириянын чек арасында орусиялык учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу эки тараптын ымаласынын курчуп кеткен чыңалууну жөнгө салуу аракеттери сунушталышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Буга чейин Анкара орусиялык учак анын аба мейкиндигин бузду десе, Москва аскер учагы Сириянын аймагында болгон деп талашып келе жатышкан. Ошол эле кезде Ирак өзүнүн түндүк аймагындагы түрк аскерлерин чыгарып кетүүнүн талап кылып, Анкара аларды Багдаддын уруксатысыз жайгаштырган деген таризде доомат койгон. Ирак бул боюнча БУУнун коопсуздук кеңешине даттана турганын эскерткен. Бул жагдайда Орусия Ирактын дооматын колдоп кетиши мүмкүн экени айтылууда.