Кыргызстан араб өлкөлөрүнө элчилерин дайындады. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыктары менен Нуран Ниязалиев Катарга жана Чыңгыз Эшимбеков Бириккен Араб Эмираттарына элчи болуп дайындалды.
Катарда буга чейин кыргыз элчилиги жок болчу. Ал эми Эмираттарда консулдук гана иштеп келген.
Нуран Ниязалиев 40 жашта. Дээрлик 20 жылдан бери дипломатиялык кызматтарда эмгектенип келатат. Элчиликке дайындалганга чейин БУУ системасында иштеп жаткан.
Чыңгыз Эшимбеков Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты анализдөө, пландоо жана координациялоо департаментин жетектеп турган. (RK)