Келерки жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 260 күнөскана ачылат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн жыйында премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Ошону менен катар өкмөт 2016-жылы республиканын түштүк аймагындагы облустарда 10 логистикалык борбор ачканы жатат. Ал эми жалпы өлкө боюнча жаңы касапканаларды ачуу пландалууда.
Бул үчүн өкмөт 15 миллиард сом бөлүүгө даяр. Каражат ишкер, дыйкандарга 5 жылга 1 жылдан кийин төлөй баштоо укугу менен берилет.
Бүгүн өкмөттө айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. (RK)