Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Сариев: Мамлекеттин жерлерин тактап, бюджетке кошумча акча тапса болот


Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында бүгүн премьер-министр Темир Сариев билдирди.

- Кечээ Чүй облусунун активи менен жолуктум. Ал жерде мамлекеттин карамагындагы жерлердин ижара акысы 1-2 миң сом экен. Бир гана Сокулукта 10 миң сомго чейин бар деп көрсөтүшүптүр. Бул расмий мамлекетке түшкөн акча. А көрсөтүлбөгөн, башкалардын чөнтөгүнө түшүп жаткан акча беш-он эсе көп. Эгер ушуну туура жолго койсок жалпы жергиликтүү бюджеттердин кирешеси мүмкүн 30-40 млрд сомго жетмек, - деди Сариев.

Өкмөт башчы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге мамлекеттин жерин ырааттуу пайдаланып, көбүрөөк киреше алуу үчүн алардын санын, аянтын тактоону тапшырды.

Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Алардын жалпы кирешеси учурда 19 млрд сомду түзөт. Айыл өкмөттөрүндөгү негизги киреше жер салыгы менен жер ижарасынан түшөт. (МТо)

XS
SM
MD
LG