Бүгүн өкмөттүн жалпы жыйынында эмки жылга бюджеттин долбоору жана андан аркы жылдарга болжолу талкууланды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, киреше жана чыгаша боюнча мурдагыдан көп өзгөрүү болгон жок.
- Бюджеттин жалпы кирешеси 4,6 млрд сомго көбөйдү. Ошондо дефицит 5,5тен 4,5% түштү.
Министрдин айтымында, чыгаша 670 млн сомго өстү. Себеби жыл башында эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөр, мал-жан ылаңына каршы иш-чараларга 70 млн сом, ипотекалык мамлекеттик компания түзүлүп, мамкызматкерлер андан насыя алганга мүмкүнчүлүк түзүлүш үчүн 300 млн сом бөлүүнүн эсебинен көбөйүүдө.
Ошентип 2016-жылга бюджет кирешеси 141 млрд сом деп жазылды. Анын 107 млрд салыктан түшөт.
Тартыштык 22 млрд сом деп болжонду. (МТо)