Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Таласта кутурмага каршы вакцина жетишсиз болууда


Таласта кутурмага каршы вакцина жетишсиз. Бул тууралуу "Азаттыкка" Таластагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өзгөчө кооптуу оорулар бөлүмүнүн эпидемиологу Айгүл Төрөкулова билдирди. Анын айтымында, мурда облуска жылына 1200-1300 даана вакцина берилип келген болсо, быйыл 600 гана вакцина бөлүндү.

- Бүгүнкү күнү 480 вакцина бөлүнгөн экен. Бишкектен өзүбүз алып келишибиз керек. 9 ай ичинде ит капкан 357 адам ооруканага кайрылды, ар бири бир күндө 3 жолу, белгисиз ит капса 6 жолу эмделет, дарылоо курсу 10 күндөн 90 күнгө чейин, ошондо 600 вакцина кантип жетет, - дейт Төрөкулова.

Адистин айтымында, ит ээлери эмдетүү зарылдыгын түшүнбөй жатышат. Себеби короо иттери жолбун иттер менен байланышта болот жана бир күндө 15 км чейин чуркап, токойдогу чөө-карышкырлардан кооптуу илдеттерди жуктуруп келиши ыктымал. (SS)

XS
SM
MD
LG