Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Ошто чек араны бузганы үчүн жапон туристи кармалды


Ош облусунда мамлекеттик чек ара эрежелерин бузганы үчүн кечээ жапон жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.

34 жаштагы чет өлкөлүк Кыргызстанга туристтик максатта келгенин, Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында фотосүрөт тартып жүргөнүн айткан.

Расмий органдын билдиргенине караганда, чек ара аймагында жүрүү жана сүрөт тартууга атайын уруксат болушу керек, ал эми жапон жаранында андай кагаздар жок болгондуктан ал кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин жергиликтүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал Кыргызстанга Казакстан аркылуу келгени маалым болду. (RK)

XS
SM
MD
LG