Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Талас мэриясы жолбун иттерди атууга 255 миң сом бөлдү


Күн суугандан бери Талас шаарында 700дөн ашуун жолбун ит атылды. Бул тууралуу шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынан билдиришти. Аталган мекеме иттерди атууга “Маун-Тур-Талас” уюму менен келишим түзгөн. Бир итти атуу жана көмүү акысы - 170 сом. Ага мэрия казынасынан 255 миң сом бөлүндү.

Иттер “Беккер” чуңкуруна көмүлүп жатат. Бул боюнча коммуналдык жана ветеринардык кызматтардын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлгөн.

Буга чейин жолбун иттердин көбөйгөнүнө тынчсызданган тургундар жергиликтүү бийликке кайрылган.

Ит атуу өнөктүгү өлкөнүн башка аймактарында жүрүп жатат. Бирок өткөн жумада Бишкекте атылган айрым иттер көмүлбөй, көчөдө эки күндөп калып кеткен учурлар болгон. (SS)

XS
SM
MD
LG