Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин “Канышанын көз жашы” драмасы англис тилине которулуп, Лондондогу "Арзуу Артс" борбор азиялык театрында сахналаштырылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучу өзү кабарлады.
Анын айтуусунда, Курманжан Датканын таржымалы тууралуу бул пъеса британиялык көрөрмандарга 2016-жылдын июнь айында тартууланат:
- Азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Башкы каармандын ролун актриса Кэти Травлян аткарат.
Жакында эле Султан Раевдин “Жанжаза” аттуу романы Лондондо орус тилинде басылып, англисче варианты даярдала баштаган. (SE)